Мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов БШКга мүчө болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болду. Жогорку Кеңеш бүгүн анын талапкерлигин колдоп берди.
Депутаттар Касмамбетов менен бирге Кабылбек Мамбетаиповдун талапкерлигин да жактырды. Кечээ күнү парламенттин тармактык комитети да колдоп берген.
"Жакында шайлоо болот деп жатышат. Шайлоодо таза иштеп бериңиздер", — деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу добуш берүүдөн кийин.
Белгилей кетсек, аталган эки талапкер тең президенттин квотасы менен шайланышты.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин тармактык комитет колдоду