ИИМ: камералардан улам өлкөдө ачылбай калган оор кылмыш жок

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Көзөмөл камераларынан улам өлкөдө ачылбай калган оор кылмыш жок. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Батырбаев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, "Коопсуз өлкө" долбоору ишке киргенден бери көчөлөрдө жана адамдар көп чогулган жерлерде кылмыштуулук менен мыйзам бузуу учурлары азайган. Учурда системага үч миңден ашык камера туташтырылып, анын 1,5 миңден ашыгында адамды жүзүнөн таануу функциясы бар.
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Батырбаев
"Өлкөдө ачылбай калган оор кылмыш жок деп ишенимдүү айта алам. Бардык киши өлтүрүү, каракчылык, тоноо жана башка оор кылмыштар видеобайкоо системасынын жардамы менен толук ачылууда", — деди Батырбаев биздин маалымат борбордогу иш-чарада.
Интернет алдамчылыгы менен алектенген. ИИМ эл аралык топтун ишине бөгөт койду