Геленжиктеги джаз майрамына чар тараптан өнөрпоздор келишти

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын, АКШнын, Индиянын, Бразилиянын, Кытайдын, Италиянын жана Кубанын музыканттары "Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалына катышты.
Анна Германдын "Город влюбленных" деп аталган композициясы фестивалдын бейрасмий гимнине айланды. Баса, аны РФтин эл артисти, джазчы Даниил Крамер ырчы Екатерина Готлиб менен аткарды.
Өз композицияларын бразилиялык ырчы жана гитарист Жоандер Сантос, Кытайдагы эң атактуу саксофончу, ырчы Рени Бао, индиялык Rajeev Raja Combine ансамбли, Кубанын джаз мектебинин өкүлү, барабанчы Норлан Матурель элге тартуулады.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору, фестивалды идеялык жактан шыктандырган Дмитрий Киселев
"Азыр дүйнөнүн булуң-бурчунан келген музыканттар сахнага чыгып, ажайып бир нерсени жаратыш үчүн саясатчылар, дүйнөнүн бардык өкмөттөрү ынтымакташып ойносо болмоктугун көрсөтүп беришет. Россия тынчтыкты жактайт. Музыканттар тынчтыкты каалайт. Албетте, ушул жерге чогулган баарыбыз адилеттүү дүйнө болушун каалайбыз. Россия адилетсиздиккке чыдабайт. Учурда согуш да ошол калыстык жок болгону үчүн жүрүп жатат", — деди "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору, фестивалды идеялык жактан шыктандырган Дмитрий Киселев.
Атайын "Геленджик — Молодое" фестивалы үчүн пианист Яков Окунь чет өлкөлүк музыканттар жана орус саксофончулары Сергей Головня, Андрей Красильников жана Роман Соколов менен биргеликте программа сунуштады. Сандра Фракенберг соло аткарды.
"Геленжикте өзүмдү үйдөгүдөй эле сездим. Сонун аба ырайы, пляж бразилиялык эс алууну элестетет. Биринчи ирет келдим жана ушул жерде калгым келип жатат!" — деген бразилиялык ырчы жана гитарачы Жоандер Сантос.
1 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

2 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

3 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

4 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

5 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

6 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

7 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

8 / 8

"Геленджик - Молодое" II эл аралык джаз фестивалы

Киселев журналисттерге коноктор Россияны бир бөлүгү болгон Геленжикти көрүшү керектигин айткан.
"Геленжик дүйнөнүн булуң-бурчунан музыканттар, болгондо да мыктылары келип көргөнгө татыктуу жер. Аларга да Россияны бир бөлүгү болгон Геленжикте болуу маанилүү. Сахнада Россиянын, АКШнын, Индиянын, Бразилия, Кытай, Италия жана эркиндиктин аралы болгон Кубанын музыканттары өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Бизде мыкты таланттуу адамдардан турган эң сонун музыкалык топтор бар", — деген Киселев журналисттерге.
Фестивалдын данеги, көңүл бурдуруучу жери саксофонист Тарас Гусаров жана продюсер Артемий Меньщиков тарабынан түзүлгөн Imperialis Orchestra тобу болду. Артисттердин репертуары ар кыл мезгилдердин жана багыттардын композицияларын, тагыраагы, классикалык музыкадан жана джаздан тартып заманбап стилдерге, анын ичинде поп, рокко чейин камтыды.
Бардык артисттер: Imperialis Orchestra тобунун негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси Тарас Гусаров, андан сырткары, Сандра Фракенберг жана чет элдик аткаруучулар биргелешкен импровизациясы менен сахнага чыкты. Бул Геленжиктеги музыка майрамынын соңу болду.
"Менимче, бул жерге бара-бара көбүрөөк музыканттар келип, сахна күндөн-күнгө жакшырып, коомчулуктун кызыгуусу артат. Мында курулуп жаткан шарап шаарчасы, тагыраагы, "Ак арал" шарап борбору гана болуп калбастан, Россиянын шарап жүрөгүнө айланат. Келечекте "Геленджик — Молодое" джаз фестивалы үчүн да чоң аянтча болот", — деп Киселев кошумчалаган.
"Россия сегодня" медиатобу түптөгөн "Геленджик - Молодое" джаз фестивалы медиаконтент жасоо боюнча алдыда турган "Красный квадраттын" колдоосу менен биринчи ирет былтыр 24-25-сентябрда өткөн.
Аны идеялык жактан шыктандырган "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев болду.
Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение” сынагында кандай ырдады. Видео