Бишкекте россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өттү. Видео

Бүгүн Кыргыз-Россия Славян университетинде россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтүп, ага Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск жана башка шаарлардан 30дан ашык ЖОЖдун өкүлдөрү катышты.
Sputnik
Абитуриенттер университеттердин программасы менен таанышып, окуу жайдын өкүлдөрү менен баарлашты.
Россияда билим алуу квотасы боюнча билдирмелер 15-декабрга чейин кабыл алынат.