БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкекте 23-24-сентябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдоо борборунун базасында Россиянын ТИМ өкүлдөрү Кыйын кырдаал түзүлгөндө чара көрчү борбор менен кызматташууга ыйгарым укуктуу жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн кызмат адамдары менен жыйында жолугушту.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чарага Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын коргоо ведомстволорунун борбордук командалык пунктуларынын жетекчилери, ошондой эле ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын, КМШ Антитеррордук борборунун, ШКУ Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн жана РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик академиясынын өкүлдөрү катышты.
© Фото / пресс-служба МИД России
Тараптар ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаалдын абалы жана өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашты. Ошондой эле коркунучтарды алдын алуу жана ыкчам координация боюнча практикалык өз ара кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Катышуучулар ЖККУга мүчө мамлекеттерге каршы медиалык жана идеологиялык агрессияга каршы туруу боюнча ишти өркүндөтүү, ошондой эле улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү маанилүү экенин белгилешкен.
Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууда ЖККУ, КМШ жана ШКУ ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө дараметине жогору баа берилди.
Жыйын программасынын алкагында катышуучулар Бишкектеги "Жеңиш монументи" мемориалына гүлчамбар коюшту. Мындан тышкары, Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин жана М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинин фондуларына Жеңиштин 80 жылдыгына карата чыгарылган "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш" энциклопедиялык басылмасы өткөрүп берилди.