25-сентябрга карата аба ырайы

25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад аймактарында 24…29, Баткен облусунда 23…28, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын чөлкөмүндө 18…23 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 25…27, Ош шаарында 26…28 градусту көрсөтөт.
Мэр Дэн Сяопин көчөсүндө жол жай жасалып жатат деп нааразы болгондорго жооп берди