Таласта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлебердиевдин музейи жана эстелиги кандай машакат менен салынганы тууралуу аймактык басылманын кабарчысы кандай чагылдырган? 1991-жылы 31-августта Кыргыз ССРнин Мамлекеттик теле жана радио комитетинин кабарчылары эгемендүүлүк күнүн телевидениеде кантип көрсөтүшкөн? 1990-жылдары КР Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындагы “Арноо концерти” программасы калың элдин катмарында эмне үчүн популярдуу болгон? Деги эле кыргыз журналистикасы Советтер Союзунун учурунда кандай ыкма менен иштеген? Бул суроолордун барына бүгүнкү уктурууда жоо алабыз.