Кыргызстанда физиотерапиянын кандай түрлөрү жеткиликтүү — реабилитацияга эмнеге маани берүү керек?

Sputnik
Физиотерапия — адамдын кыймыл-аракетин калыбына келтирүүгө, булчуң-скелет системасын чыңдоого жана жаракаттан же оорудан кийин денени реабилитациялоого жардам берет. Физиотерапиянын негизги максаты – ооруну азайтуу, кыймылды жакшыртуу жана бейтапты күнүмдүк жашоого толук кайтаруу. Учурда өлкөдө адистердин абалы, физиотерапия процедуралары тууралуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту физиотерапия бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, жогорку категориядагы дарыгер-физиотерапевт Кубаныч Токсонбаев айтып берди.