Бүгүнкү программада Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаева, мугалимдердин жетишсиздиги, класстардагы окуучулардын көптүгү, мектеп маселеси биринчи маселе экенин билдирди. Окуучулардын саны өсүп жатканына байланыштуу жаңы мектептер курулуп, кошумча орундар түзүлөт деген ойдобуз. Санариптик билим берүү багытында электрондук китептер жана интерактивдүү такталар колдонулууда.Ата-энелер көбүнчө класстардагы окуучулардын көптүгү, баланы мектепке киргизүү жана коопсуздук маселелерине байланыштуу кайрылышат. Учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен мектептерде абал бир аз өзгөрүп, кадр, мектеп салуу маселеси келип чыкты.