Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюп, ал "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Элдик жыйын 22-декабрга дайындалды. Жалпы 700 делегат катышат. "Курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт. Делегаттарды шайлоо тартибин Улуттук кеңеш аныктайт", — деп айтылган документте. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына курултайды өткөрүү боюнча, башкача айтканда, делегаттарды шайлоону уюштуруу, коопсуздукту сактоо сыяктуу тапшырмалар берилди.
Салык кызматы жасалма интеллектиге негизделген виртуалдык "акылдуу" жардамчыны ишке киргизди. Бул тууралуу "Салык сервис" мамлекеттик ишканасы билдирди. AiSalyk деп аталган жасалма интеллект салык төлөөчүлөргө маселелерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, керектүү маалыматтарды сунуштайт. Жаңы жылга чейин Salyk мобилдик тиркемесине кошулуп, жарандардын суроолоруна автоматтык түрдө жооп бере баштайт.Учурда аны Telegram-каналдагы TestSalykBot аркылуу сынап көрүүгө болот.
Бишкек менен Москва шаарларды башкарууну санариптештирүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Документте тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу каралган.Макулдашуу Бишкек шаарын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев катышкан "Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги" форумунун алкагында кол коюлду. Ошондой эле консультация, семинар, конференцияларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана эки борбордун тиешелүү уюмдары менен бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо макулдашылды. Тараптар бул өнөктөштүк акылдуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана туруктуу санариптик прогресске өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.
Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби орус тилине которулуп басылды. Китепти быйыл 100 жылдыгын белгилеп жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети чыгарган. Бүгүн анын бет ачары болду.Илимий эмгекти орус тилине тарыхчы Назарбек Сатар уулу которгон. Белек Солтоноевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу жана "Кызыл кыргыз тарыхын" жазууга эмне түрткү болгонун Sputnik сайтынан окусаңыз болот.
Ак үй АКШ президенти Дональд Трамптын Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишимдин мурдагы мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра улантуу боюнча РФ лидери Владимир Путиндин сунушуна пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү Путин Россия 2026-жылдын 5-февралынан кийин Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге ылайык чектөөлөрдү бир жыл бою сактоого даяр экенин айтты. Бул туурасындагы маселени ал Коопсуздук кеңештин отурумунда көтөрдү. Россия лидери бул ниет АКШ да ошондой кадамга барса натыйжа берерин баса белгиледи. Президент келишимден толук баш тартуу