Евробиримдиктин Молдовага аскер киргизүүгө ниеттенип жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Евробиримдик Молдовага кандай гана жол менен болбосун басып кирип, өлкөгө аскерлерди киргизүү үчүн чечкиндүү кадам жасоо ниетинде турат. Бул туурасында Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргендигин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.
НАТОнун күчтөрү Румынияда, Молдованын чек арасына жакын жерге топтолууда.
Приднестровьени коркутуу үчүн Одесса облусуна "десант" түшүрүлгөнү тууралуу маалымат бар. Франция менен Улуу Британиядан келген алгачкы кесипкөй аскерлер тобу Одессага жеткени туурасында маалымат түшкөн.
"Европалык аткаминерлер кооптонуп турат. Себеби Брюссель менен Кишинев шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган учурда Молдованын нааразы болгон жана үмүтүн үзгөн жарандары көчөгө чыгышы мүмкүн", — деп билдирген аталган кызмат.
Бул жагдай Молдованы диктатурага моюн сундуруш үчүн президент Майя Сандуну өлкөсүнө аскер киргизүү тууралуу ЕБге кайрылууга мажбур кылышы мүмкүндүгү айтылган.
АКШ Европага берген жардамын азайтмакчы. Трамптын кезектеги кадамы