Кара-Жыгачта бетон аралаштырган мунара кулап, үч киши каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы бетон заводунда цемент аралаштырган мунара кулап, жанындагы имаратты басып, ичиндеги үч киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 22-сентябрда болгон. Облустук милицияга чакыруу түшүп, тергөө тобу окуя болгон жерге барганда "НБ" ЖЧКсынын аймагында бетон чалган мунараны орнотуу маалында жабдык кулап кетип, жанында турган имаратты басып калганы, анын ичинде үч киши болгону аныкталган.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери урандынын алдынан каза болгондордун сөөгүн чыгарып, моргго жеткиришкен. Алардын бири 30, экинчиси 35 жашта, үчүнчүсү 47 жаштагы чет өлкөлүк жаран болгону аныкталды. Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин "Коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Облустук милиция окуя боюнча үч жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тергөө уланып жатканы белгиленди.
Ошто 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду