БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп "Антифа" кыймылын террордук уюм деп эсептеген жарлыкка кол коюп, ал Ак үйдүн сайтына жарыяланды.
"Жогоруда айтылган мыйзамдуу саясий активдүүлүктү басууга жана мыйзам үстөмдүгүн бузууга багытталган саясий зомбулуктун үлгүсүнөн улам мен мындан ары "Антифаны" ички террордук уюм деп жарыялайм", — деген Трамп.
Бул кыймыл мыйзамдык түзүм эмес, тагыраагы, юридикалык тарап катары жок. Анын алдында анархисттик көз караштын тарапкерлери турат.
WSJ гезити маалымат булактарына таянып, АКШнын консерватор активисти жана президенттин тарапкери Чарли Киркти атып өлтүрүүгө колдонулушу мүмкүн делген куралдан "Антифа" ураандары оюлган ок-дары табылганын кабарлаган.
Трамптын тарапташынын өлтүрүлүшү
АКШ президентинин тарапташы, консерватор саясатчы жана активист Чарли Кирк Юта университетиндеги жолугушууда сүйлөп жатканда чак түштө атылган. Ок ал мектептерде атышууларды уюштурган трансгендерлер* туурасында айтып жатканда тийген.
Ал коомчулукка Киев бийлигин сындап, Украинага жардам көрсөтүүгө каршы чыгып жүргөн адам катары таанымал болчу. Россия менен алаканы, дипломатиялык мамилени калыбына келтириш керек деген багытты жактап келген. Владимир Зеленскийди "ЦРУнун кол жоолугу" деп атаган. Ал Крымды ар дайым Россиянын бөлүгү деп белгилеп жүргөн.
Саясатчыны өлтүрдү деп шектелип жаткан Ютанын 22 жаштагы тургуну Тайлер Робинсон кылмышты мойнуна өзү алгандыгын айтышты. CNN жазганына караганда, бул туурасында атасына айтып, ал киши уулунун кылган кылмышын тартип сакчыларга билдирген.
* Россияда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган ЛГБТ кыймылы.