БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан эч качан технологиялык процесстерден артта калбашы керек. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Россия билим берүү форумунда сүйлөдү.
"Биздин кошуналар бул багытка олуттуу көңүл буруп жатат. Биргелешкен технологиялык продуктуну түзүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Аны биз үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна да чыгара алабыз", — деди Шевцов.
Россотрудничествонун өкүлү Россия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелер тездик менен өнүгүп жатканын кошумчалады.