БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Польша 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Беларусь менен чек арасын ачуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу республиканын премьер-министри Дональд Туск министрлер кабинетинин жыйынын ачып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз ички иштер министри жана администрация менен бирге чек араны ачуу чечимин кабыл алдык. Чечимге бүгүн кол коюлат", — деди Туск.
Польша 12-сентябрга караган түнү Беларусь менен чек арасын жапкан. Туск мындай кадамды "кооптуулуктан улам жасалып жатат" деп негиздеп, ага себеп катары "Запад-2025" аталышындагы орус-беларус аскердик машыгуусун бетке кармаган. Машыгуулар 12-16-сентябрь күндөрү өттү.