Садыр Жапаровдун АКШдагы иш сапары башталып, жолугушууларды өткөрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барганын анын маалымат кызматы билдирди.
Президенттин учагы Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конуп, аны АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алган.
Ушул эле күнү Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу директору Тони Блэр менен жолугушкан. Президент ага Кыргызстандын улуттук долбоорлору жөнүндө айтып берген.

"Бюрократиядан арылуу жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент Глобалдык өзгөрүүлөр институту тарабынан ушул жаатта берилген сунуштар каралып жаткандыгын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушууда миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралып, талкууга катышкандар аталган багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.
Жапаров президент Дональд Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоо боюнча демилгелерин колдоого даяр экенини белгилеген.
Белгилей кетсек, өлкө башчынын АКШга иш сапары 22-25-сентябрга белгиленген.
Садыр Жапаров Тяньцзиндеги ШКУ саммитинде сүйлөп, бир катар сунуштарды берди