БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби орус тилине которулуп басылды.
Китепти быйыл 100 жылдыгын белгилеп жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети чыгарган. Бүгүн анын бет ачары болду.
© Sputnik / Алмаз Батилов
Илимий эмгекти орус тилине тарыхчы Назарбек Сатар уулу (Түнтеев) которгон.
Белек Солтоноевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу жана "Кызыл кыргыз тарыхын" жазууга эмне түрткү болгонун Sputnik материалынан окусаңыз болот.