Министр Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын бекемдөөчү факторлорду атады

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Заманбап чакырыктар, экономиканы санариптик трансформациялоо, жаңы өнөр жайды, медицинаны жана агрардык секторду өнүктүрүү — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү факторлор. Бул тууралуу илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов Кыргызстан — Россия билим берүү форумунда билдирди.
Илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов
Эскерте кетсек, иш-чара бүгүн Бишкекте башталды.
Министр бүгүнкү форум эки өлкөнүн жалпы билим берүү жана илимий коомчулугун түзүү үчүн жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен билим берүү, изилдөө жана эки өлкөнүн диплом берүү жаатындагы ишин улантуу керек.
Россияда билим алгыңыз келеби? 700 орунга документ кабыл алуу башталды