Кыргыз-Россия билим берүү форумунда кол коюлган келишимдерин тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия билим берүү форумунда документтер топтомуна кол коюлду.
Тизме:
Санкт-Петербургдагы Улуу Петр атындагы политехникалык университети (СПбПУ) менен Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосундагы КРСУнун базасында "КРСУ-Проект" студенттик долбоордук бюросун түзүү жөнүндө өнөктөштүк келишими;
СПбПУ, КРСУ жана "Инжиниринг, курулушту башкаруу чөйрөсүндөгү техникалык буйрутмачылардын жана башка уюмдардын улуттук бирикмеси" ассоциациясынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
КРСУ менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Волга боюндагы изилдөө медициналык университетинин ортосундагы кызматташуу келишими жана 2025–2026-окуу жылына карата жол картасы;
КРСУ менен Урал мамлекеттик медицина университетинин ортосундагы билим берүү программасын ишке ашыруунун тармактык формасы жөнүндө келишим;
КРСУ менен "Ирбис-курулуш" ЖЧКсынын ортосундагы кызмат көрсөтүү келишими;
Ош мамлекеттик университети менен Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен КРСУнун ортосундагы "Техносфералык коопсуздук" багыты боюнча 2025–2028-жылдарга биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруунун жол картасы;
КРдин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен КРСУнун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен КРСУнун ортосундагы КРде инновацияларды колдоо жана өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
СПбПУ менен "Салымбеков университетинин" ортосунда экономика жана менеджмент багыттары боюнча биргелешкен эл аралык бакалавриат программаларын ишке ашыруу жөнүндө үч келишим;
СПбПУ менен КРСУнун ортосундагы кошумча билим берүү жана кесиптик окутуу жаатындагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу;
СПбПУ, КРСУ жана "Ирбис-курулуш" ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
"Иннополис" жогорку билим берүү автономдук коммерциялык эмес уюму менен КРСУнун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
Шевцов: Кыргызстан менен Россиянын технологиялык тармакта зор мүмкүнчүлүгү бар