Чет өлкөлүк номерлүү автоунааларды легалдаштыруу 1-октябрда аяктайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россия, абхаз, армян номерлүү автоунааларды легалдаштыруу 1-октябрда аяктап, темир тулпарын мыйзамдаштырбаган айдоочулардын унаасы айып короого токтотулат. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы Руслан Тыналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 21-сентябрга карата 14 602 унаа мыйзамдаштырылган. Бул өлкөдөгү болжолдонгон чет элдик номерлүү унаалардын 90 пайызын түзөт.
"Азыр болжол менен 2 миңдей авто калды деп ойлоп жатабыз. Дагы 500дөй унаа техникалык кароодон өтпөй калды", — деди министрликтин өкүлү.
Ал легалдаштырууга үлгүрбөй калып, айып короого токтотулган унаалар тетиктерге бөлүштүрүлүп жарактан чыгарыларын же алып келинген өлкөгө кайтарыларын айткан.
Белгилей кетсек, легалдаштыруунун наркы кыймылдаткычтын көлөмүнө карап аныкталат. Ага ылайык, 2000 куб сантиметрге чейинкилер 50 миң сом, андан ашкандары 100 миң сом төлөйт.
"Унаа" президенттин иш башкармалыгына өттү