БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ак үй АКШ президенти Дональд Трамптын Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишимдин мурдагы мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра улантуу боюнча РФ лидери Владимир Путиндин сунушуна пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул туурасында президенттин кабары бар, комментарий берет. Аталган жаатта пикирин өзү билдирет жана анысы орундуу болот деп ойлойм", — деген маалымат катчы Каролин Левитт.
Дүйшөмбү күнү Путин Россия 2026-жылдын 5-февралынан кийин Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге ылайык чектөөлөрдү бир жыл бою сактоого даяр экенин айтты. Бул туурасындагы маселени ал Коопсуздук кеңештин отурумунда көтөрдү. Россия лидери бул ниет АКШ да ошондой кадамга барса натыйжа берерин баса белгиледи.
Президент келишимден толук баш тартуу өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине да терс таасирин тийгизерин, стратегиялык коопсуздук жаатындагы көйгөйлөр Батыштын үстөмдүк кылуу аракети менен байланыштуу экенин айткан. Москва куралданууга көзөмөл жүргүзүү системасын демонтаждоо коркунуч жаратарын эскертип келгенин, РФтин стратегиялык коопсуздук жаатындагы идеялары так жооп албагандыгын кошумчалаган.