Россия, абхаз, армян номерлүү автоунааларды легалдаштыруу 1-октябрда аяктап, темир тулпарын мыйзамдаштырбаган айдоочулардын унаасы айып короого токтотулат. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы Руслан Тыналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 21-сентябрга карата 14 602 унаа мыйзамдаштырылган. Бул өлкөдөгү болжолдонгон чет элдик номерлүү унаалардын 90 пайызын түзөт. Ал легалдаштырууга үлгүрбөй калып, айып короого токтотулган унаалар тетиктерге бөлүштүрүлүп жарактан чыгарыларын же алып келинген өлкөгө кайтарыларын айткан. Белгилей кетсек, легалдаштыруунун наркы кыймылдаткычтын көлөмүнө карап аныкталат. Ага ылайык, 2000 куб сантиметрге чейинкилер 50 миң сом, андан ашкандары 100 миң сом төлөйт.
Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан 26 китеп жарык көрдү. Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында Мамлекеттик тил күнүндө аталган китептердин көргөзмөсү уюштурулду. Жаңы эмгектердин арасында жомоктор, сөздүктөр, энциклопедиялар бар. Бул китептер Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси астында басылып чыккан.
Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, электробустар алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда каттай баштайт. Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи пландаштырылууда. Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номердеги каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет. Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.
Евробиримдик Молдовага кандай гана жол менен болбосун басып кирип, өлкөгө аскерлерди киргизүү үчүн чечкиндүү кадам жасоо ниетинде турат. Бул туурасында Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргендигин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады. НАТОнун күчтөрү Румынияда, Молдованын чек арасына жакын жерге топтолууда. Приднестровьени коркутуу үчүн Одесса облусуна "десант" түшүрүлгөнү тууралуу маалымат бар. Франция менен Улуу Британиядан келген алгачкы кесипкөй аскерлер тобу Одессага жеткени туурасында маалымат түшкөн. "Европалык аткаминерлер кооптонуп турат. Себеби Брюссель менен Кишинев шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган учурда Молдованын нааразы болгон жана үмүтүн үзгөн жарандары көчөгө чыгышы мүмкүн", — деп билдирген аталган кызмат.