Балдар — келечек башаты. Алардын коопсуздугу көңүлдөгүдөй корголуудабы?

Sputnik
Балдардын коопсуздугу — коомдогу эң маанилүү маселелердин бири. Үйдө, мектепте, көчөдө же интернет мейкиндигинде болобу, ар бир бала өзүн корголгон жана ишенимдүү чөйрөдө сезиши керек. Балдар айлана-чөйрөнү жаңыдан үйрөнүп жаткандыктан, алар коркунучтарды таанууга жана алардан сактанууга ар дайым эле даяр болбойт. Ошондуктан ата-энелер, мугалимдер жана мамлекеттик органдар биргеликте иш алып барып, балдарды коргоо чараларын көрүшү абзел. Бул багытта психологдордун кеңештери, милициянын түшүндүрүү иштери жана билим берүү мекемелериндеги алдын алуу программалары чоң роль ойнойт.
Балдардын коопсуздугу боюнча мектептерде, бала-бакчаларда кандай предметтер бар? Эмнелер окутулат? Учурда өлкөдө балдардын психологиялык коопсуздук абалы кандай? Жасалма интеллект балдарга туура кенеш бере алат деп айтсак болобу?
Ушул жана башка суроолорубузга “Көз мончок” берүүбүздөн жооп аласыздар.