Мамлекеттик кызматка алуу эрежелери катаалданды — эмнелер өзгөрдү?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизди. Өзгөртүүлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциянын алдын алууга жана антикоррупциялык механизмдерди ишке ашырууга багытталган. Жаңы өзгөрүүлөр, талаптар, административдик кызмат орундарына дайындоонун эрежелери, санариптик долбоорлор тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира Шаршенова айтып берди.