Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча алдыңкы беш мекеменин катарына кирдиРоссиянын Кыргызстандагы элчиси эки өлкө билим берүү тармагында бири-бирине көп нерсе сунуштай аларын билдирдиСоцфонд 1-октябрдан тарта пенсия канча жогорулай турганын айтып берди. Алдыда кененирээк1-октябрдан тарта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, пенсия кайрадан эсептелип чыгат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Муканбетов "Кабар" агенттигинин түз эфиринде билдирди. Ал эмне үчүн так ушул мыйзамга таянганын мындайча түшүндүрдү: "Пенсияга тиешелүү башка мыйзамдар да бар. Мисалы, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн. Бул жогорулатуу аларга тиешелүү эмес. Алар пенсияны башка мыйзамдарга ылайык алышат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 818 миңге жетет, ал эми 1-сентябрга карата бул көрсөткүч 814 миңге жакын болчу. Мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүш бар. 2010-жылдары алардын саны 530 миңге жакын болчу. Бул пенсияны улгайган адамдар, майыптар, багуучусунан ажырагандар жана башкалар алышат", — деди ал. Муканбетов кошумчалагандай, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болгон пенсионерлер үчүн жогорулатуу 10 пайызды түзөт.
Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайлары бири-бирине сунуштай турган нерсеси көп. Бул тууралуу элчи Сергей Вакунов КРСУда өтүп жаткан II Кыргызстан — Россия билим берүү форумунда билдирди. Ал россиялык илим жана билим берүүгө суроо-талап күч экенин, муну эки өлкөнүн адистери тастыктап келерин белгиледи. "Россия менен Кыргызстан ЖОЖдорунун бири-бирине сунуштай турган нерсеси көп", — деди Вакунов. Элчи эки өлкөнүн билим берүү жайлары программа жана иштеги ыкмалары боюнча бири-бирине окшош экенин кошумчалады.
Россия менен Кыргызстан эч качан технологиялык процесстерден артта калбашы керек. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Россия билим берүү форумунда сүйлөдү."Биздин кошуналар бул багытка олуттуу көңүл буруп жатат. Биргелешкен технологиялык продуктуну түзүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Аны биз үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна да чыгара алабыз", — деди Шевцов. Россотрудничествонун өкүлү Россия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелер тездик менен өнүгүп жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча алдыңкы беш органдын катарына кирип, мамлекеттик кызматтардын ичинен биринчи орунду ээледи. Мындай жыйынтык КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилди колдонуунун абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча белгиленди. Бүгүн Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды. Анын айтымында, Салык кызматында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамы толук кандуу ишке ашырылууда.