Министр Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын бекемдөөчү факторлорду атадыКара-Жыгачта бетон аралаштырган мунара кулап, үч киши каза болдуЖогорку Кеңешти таркатуу демилгесин тармактык комитет колдодуАлдыда кененирээкБүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу сунушу каралып, колдоо тапты. Демилгени кароодо депутат Улан Примов баяндама жасап, мындай сунушка эки шайлоонун удаа келиши менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" жаңы мыйзам себеп болгонун айтты."Сунуш киргизүүгө парламенттин 32 депутаты кол коюп берди. Өлкөдөгү туруктуулук үчүн ушундай чечимге келдик", — деди Примов. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү колдоого алып, маселени кароонун датасын аныктоо үчүн өзүнүн чечимин Координациялык кеңешке жөнөттү. Сунуш эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Заманбап чакырыктар, экономиканы санариптик трансформациялоо, жаңы өнөр жайды, медицинаны жана агрардык секторду өнүктүрүү — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү факторлор. Бул тууралуу илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов Кыргызстан — Россия билим берүү форумунда билдирди. Эскерте кетсек, иш-чара бүгүн Бишкекте башталды. Министр бүгүнкү форум эки өлкөнүн жалпы билим берүү жана илимий коомчулугун түзүү үчүн жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен билим берүү, изилдөө жана эки өлкөнүн диплом берүү жаатындагы ишин улантуу керек.
Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы бетон заводунда цемент аралаштырган мунара кулап, жанындагы имаратты басып, ичиндеги үч киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 22-сентябрда болгон. Облустук милицияга чакыруу түшүп, тергөө тобу окуя болгон жерге барганда "НБ" ЖЧКсынын аймагында бетон чалган мунараны орнотуу маалында жабдык кулап кетип, жанында турган имаратты басып калганы, анын ичинде үч киши болгону аныкталган. "Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери урандынын алдынан каза болгондордун сөөгүн чыгарып, моргго жеткиришкен. Алардын бири 30, экинчиси 35 жашта, үчүнчүсү 47 жаштагы чет өлкөлүк жаран болгону аныкталды. Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин "Коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта. Облустук милиция окуя боюнча үч жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тергөө уланып жатканы белгиленди.
АКШ президенти Дональд Трамп "Антифа" кыймылын террордук уюм деп эсептеген жарлыкка кол коюп, ал Ак үйдүн сайтына жарыяланды. "Жогоруда айтылган мыйзамдуу саясий активдүүлүктү басууга жана мыйзам үстөмдүгүн бузууга багытталган саясий зомбулуктун үлгүсүнөн улам мен мындан ары "Антифаны" ички террордук уюм деп жарыялайм", — деген Трамп. Бул кыймыл мыйзамдык түзүм эмес, тагыраагы, юридикалык тарап катары жок. Анын алдында анархисттик көз караштын тарапкерлери турат. WSJ гезити маалымат булактарына таянып, АКШнын консерватор активисти жана президенттин тарапкери Чарли Киркти атып өлтүрүүгө колдонулушу мүмкүн делген куралдан "Антифа" ураандары оюлган ок-дары табылганын кабарлаган.