Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында 26 китеп басып чыгарды. Анын 16сы энциклопедиялык, адабий жана балдарга арналган басылмалар, 10у терминология жана түшүндүрмө сөздүктөр. Бул сөздүктөр ар кайсы тармактар (дипломатия, пенсиялык камсыздоо,аскердик иш, маалымат технологиялары жана иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча терминдерди камтыйт. Сөздүктөр орусча-кыргызча жанакыргызча-орусча форматта даярдалып, адистерге мамлекеттик кызматкерлерге күнүмдүк ишинде колдонуучу практикалык курал болмокчу. Ошондуктан аталган эмгектер тиешелүү мекемелерге бекер таратылат. Бул тууралуу Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев маалымдады.