Евразиялык экономикалык уюм быйыл өзүнүн 10 жылдыгын белгилөөдө. Кыска аралыкта дүйнөлүк ордун тапкан экономикалык уюмга Кыргызстан да мүчө. Өлкөнүн өнүгүп келе жаткан экономикасы үчүн 180 миллион керектөөчүсү менен ачылган рынок, мүчө өлкөлөрдүн уюм алкагындагы келишимдеринин артынан жетишилген ИДПнын 1,6 трл сомго өсүшү, товар жүгүртүүнүн 2,6 эсеге көбөйүшү албетте ири мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктер. ЕАЭБдин алдыдаы пландары кандай? Ар бир мүчө өлкөсү анын ичинен Кыргызстан кандай экономикалык пайда көрө алат? Уюм басып өткөн 10 жылында эмнелерди башынан кечирди? Бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда экономика илимдеринин доктору, көз карандысыз эксперт Алмаз Насыров менен кеп кылабыз.