Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Москвада Бишкек шаарынын мэриясы менен Москва өкмөтү шаарды башкарууну санариптештирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Муниципалитеттен билдиришкендей, документ эки шаардын ортосунда тажрыйба алмашууга, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Меморандумдун максаты шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Меморандумга «Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги боюнча форумдун» алкагында кол коюлду. Форумда катышуучулар турак жай-коммуналдык чарбадагы заманбап IT чечимдерди талкуулашты. Кызматташуунун алкагында тараптар консультацияларды, семинарларды жана конференцияларды өткөрүп, эки борбордун тиешелүү уюмдары менен бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоону макулдашты. Бул өнөктөштүк «акылдуу шаар» инфраструктурасын жана туруктуу санариптик прогрессти өнүктүрүүгө негиз болот деп күтүлүүдө.
"ЕАЭБдеги жумуш" тиркемеси кандай кызматтар менен толукталганын Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрага орун басары, ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди. Иш-чаранын катышуучулары "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санарип долбоорлору: иш, билим берүү жана медицина" темасынын айланасында талкуу жүргүзүштү. "ЕАЭБдеги жумуш" — ЕАӨБдүн адамдын иштөө үчүн келген тигил же бул өлкөдө жүрүүсүн ыңгайлаштырууга, Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык байланыштарды бекемдөөгө, жалпы эмгек рыногун түзүүгө багытталган долбоору. Саркисяндын айтымында, тиркеме каттоодон ыкчам өтүү мүмкүнчүлүгү жана иш бергендер менен түз байланыштуруучу "Жумуш берүүчүнүн кабинети" менен толукталды. Реестрди текшерүү учурунда тийиштүү маалыматтарды автоматтык түрдө толтуруу жана уруксат берүүчү документтерди текшерүү сервиси иштей баштады. Колдонуучулар иштей турган адамдын макамын тез билип ала алат. Мындан тышкары, патент алуу процедурасы жеңилдетилди. Тиркемени туруктуу 125 миң адам колдонору белгилүү болгон. Анда ЕАЭБ мамлекеттери, Тажикстан жана Өзбекстандан 700 миңдей вакансия жайгаштырылган.
2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 42 522 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга жогорулаган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, инфляцияны эске алганда реалдуу эмгек акы 12 пайыз жогорулады. Эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.