Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Маршруту

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алгачкы этапта алар № 4, 10, 11 каттамдарды тейлешет, ал эми жакынкы аптада бул транспортту № 14, 33, 66 каттамдарга да чыгаруу пландалууда.
Эске салсак, жыл башында Кытайдан 120 электробус жеткирилген. Мурдагы троллейбус депосу толугу менен реконструкцияланып, электробустарга ылайыкташтырылган.
Бишкекте бир нече автобустун маршруту убактылуу өзгөртүлдү