Ысык-Көлдө масштабдуу ишембилик өттү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө масштабдуу ишембилик өтүп, ыктыярчылар менен муниципалдык кызматкерлер 100 каптан ашык таштанды чогултушту. Бул тууралуу "Евразия" бейөкмөт уюму билдирди.
Иш-чараны "Евразия Кей Джи" коомдук фонду, эколог Андрей Панаев, Чолпон-Ата мэриясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана 50 ыктыярчыдан турган команда биргеликте өткөрүштү. Алар Чолпон-Атадагы үч чакырымдан ашык жээк тилкесин жана шаардык паркты тазалашты. Акция Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган.
1 / 5

Ысык-Көлдө масштабдуу ишембилик өтүп, ыктыярчылар менен муниципалдык кызматкерлер 100 каптан ашык таштанды чогултушту

2 / 5

Иш-чараны "Евразия Кей Джи" коомдук фонду, эколог Андрей Панаев, Чолпон-Ата мэриясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана 50 ыктыярчыдан турган команда биргеликте өткөрүштү

3 / 5

Алар Чолпон-Атадагы үч чакырымдан ашык жээк тилкесин жана шаардык паркты тазалашты

4 / 5

Акция Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган

5 / 5

"Евразия Кей Джи" фонду акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди

"Евразия Кей Джи" фонду акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
"Алар келечек муундун саламаттыгына кам көрүүгө жана Кыргызстанда экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө салым кошушту. Бул демилге Ысык-Көлдү сактоо максатында биригип иш кылса болорун көрсөттү", — дешти фонддон.
Жүздөгөн адамдар Бишкектеги Кара-Жыгач паркын тазалады. Видео