БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашыра аларын Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары, ЕАӨБдүн Санариптик демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян видеокөпүрөдө айтып берди.
Иш-чара Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өттү.
Май айында Саркисян министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолуккан.
"Биз Кыргызстан үчүн өкмөт кызыкдар болгон 15 артыкчылыктуу долбоорду аныктадык. Эми бул маселе боюнча өлкө президентинин администрациясы менен ай сайын кеңешме өткөрөбүз", — деди ал.
ЕАӨБ каржылоого даяр жана макулдашылган долбоорлор:
Кыргызстандын почтасы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн акча которууларды уюштуруу үчүн санариптик платформа түзүү;
Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын базалык маалыматтык ресурстарын өнүктүрүү;
республиканын туристтик платформасы;
президенттик администрациянын кырдаалдык борборунун маалыматтык-аналитикалык тутумун түзүү;
Бишкек шаарынын транспорттук моделдөө системасы;
борбор калаадагы абанын сапатын көзөмөлдөө системасы;
коммерциялык уюмдар үчүн үчүнчү тараптын ишеним кызматы;
видеобайкоо системасы
сүйлөө, таануу жана стенография системасы;
навигациялык платформалар үчүн сервис — Кыргызстанда бул платформаларды чыгара турган ишкана бар;
айыл чарба жаныбарларын байкоо жүргүзүү системасы;
ЕАӨБ Казакстанда түзүп жаткан суу ресурстарынын картасын Кыргызстанда да баштоону сунуштоого болот.