Пресс-борбор

"ЕАЭБдеги жумуш" тиркемесине кызматтар кошулуп жаңыланды

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "ЕАЭБдеги жумуш" тиркемеси кандай кызматтар менен толукталганын Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрага орун басары, ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди.
Иш-чаранын катышуучулары "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санарип долбоорлору: иш, билим берүү жана медицина" темасынын айланасында талкуу жүргүзүштү.
"ЕАЭБдеги жумуш" — ЕАӨБдүн адамдын иштөө үчүн келген тигил же бул өлкөдө жүрүүсүн ыңгайлаштырууга, Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык байланыштарды бекемдөөгө, жалпы эмгек рыногун түзүүгө багытталган долбоору.
Саркисяндын айтымында, тиркеме каттоодон ыкчам өтүү мүмкүнчүлүгү жана иш бергендер менен түз байланыштуруучу "Жумуш берүүчүнүн кабинети" менен толукталды. Реестрди текшерүү учурунда тийиштүү маалыматтарды автоматтык түрдө толтуруу жана уруксат берүүчү документтерди текшерүү сервиси иштей баштады. Колдонуучулар иштей турган адамдын макамын тез билип ала алат. Мындан тышкары, патент алуу процедурасы жеңилдетилди.
Тиркемени туруктуу 125 миң адам колдонору белгилүү болгон. Анда ЕАЭБ мамлекеттери, Тажикстан жана Өзбекстандан 700 миңдей вакансия жайгаштырылган.
ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген инвестиция кескин өстү