Дүйнөлүк статистикага таянсак, темир жол менен ташылган жүк автомобиль менен келген товарга салыштырмалуу үч эсе арзан түшөт. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, темир жол индустриясы тоолуу өлкөдө жүк ташуучу каражат катары пайдалуу.
"Темир жол өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу таасир тийгизет. Бирок аны жүргүнчү ташуу эмес, жүк ташуу максатында колдонуу кирешелүү. Мисал катары Советтер Союзун алсак болот. Дүйнөдөгү эң ири Байкал-Амур темир жолун куруп, азыркы күнгө чейин иштеп турат. Темир жол менен жүк ташууда бир чакырымына беш доллар жумшалса, автомашина менен ташылган жүктүн жол акысы 15 долларга түшөт. Темир жолго көп да жүк батат. Өзгөчө тоолуу өлкөлөр үчүн ыңгайлуу транспорт каражаты. Бирок аны куруу да арзан эмес. Эгер Кыргызстанда өндүрүш мыкты жолго коюлса аймактарды бириктирген темир жолдор тууралуу сөз кылууга болот, бирок жүргүнчү ташуу үчүн алыскы жерлерибизге темир жол салуу өзүн-өзү актабаган убара болот", — деди Мамытов.
Экономист кылымдын курулушу аталган Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолу боюнча да пикирин билдирди.
"Курулуп жаткан Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолунда эң чоң утуш, албетте, Кытайдын колунда. Биз өзүбүздөн өткөн жолго акча алабыз деп ток пейил тартып отура бербей адистерди үйрөтүп чыгып, келечекте өз тилкебизди башкаруу жолун өз колубузга ала тургандай болушубуз шарт. Кытай курулушка каражат карызга берип, кайра эле темир жолду өзү куруп, ал каражат өздөрүнө кетип жатпайбы. Биз бул ири долбоордо өз үлүшүбүздү жана укугубузду мыктылап бекемдешибиз талапка ылайык", — деди Мамытов.
Ал жалпысынан дүйнөлүк экономикада деңиз жолго альтернатива катары темир жолдордун өнүгүп жатышы жакшы жөрөлгө экенин кошумчалады.