Советтик армия кантип кирип, кандай каармандык көрсөткөнүн Sputnik Ближнее зарубежье баяндап берет.
Немецтердин жаңылыштыгы. Эстонияны бошотуу ыкчамдык менен жүргөн. Душмандар советтик күчтөрдү Тарту жактан келет деп күткөн эмес. Коргонуусу Нарвада курулган эле. Чабуул 17-сентябрда башталып, 18инде фашисттер Эстониядан чыга баштаган.
Чыныгы эстондор. Душмандар уюк кылып алган Таллинге эстондордун 8-аткычтар корпусу чабуул жасайт. Алардын 70 пайыздан ашыгы аталган республиканын жашоочулары эле. Бул "эстондор токойго кетип калып, нацисттердин катарына кошулган" деген жаманатты кылган сөздү төгүнгө чыгарат.
Бир нече күнгө Эстония "көз карандысыз" болуп көрүндү, бирок бул жалган эле, чындыгында немецтерге баш ийген адамдар (коллаборационисттер) башкарчу. Бул эки күндө президент Улуотс жана премьер Тийфа эки гезит чыгарган, "нейтралитет" жарыялаган жана Таллинде чакан желекти свастика белгисинин жанына илген. Бирок бул нерселер эч нерсени чечкен жок, Улуотс Швецияга качып кетти, ал эми калган "аткаминерлер" камакка алынды.
Азыр эгемен Эстония муну басып алуучулук деп атайт. Республиканын жашоочуларын ошол жылдары кыйнагандарды эми "улуттук баатыр", ал эми нацисттерден куткаргандарды "баскынчы" деп жатышат.