Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулат. Облус башчынын убадасы

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Таластагы дарыгерлердин маянасына ай сайын кошумча 40 миң сомдон, ординаторлордун айлыгынын үстүнө 12 миң сомдон кошулуп төлөнөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Ал дубанга келип иштейм деген дарыгерлерди чакырып, бекер үй сыяктуу бардык шарт түзүлөрүн убадалады. Мындай аракет ак халатчандардын жетишсиздигин жоюу үчүн жасалып жатканын белгиледи.
"Дарыгер болом деген балдардын окуу акысы дагы төлөнүп жатат. Бирок балдар окуусун аяктаган соң Талас облусундагы мамлекеттик ооруканаларда беш жыл иштеп бериши керек", — деди Жумаев
Облус башчысы учурда 30 студент ушундай келишим менен дарыгерликке окуп жатканын, жалпы облус боюнча 173 дарыгер жетишсиз экенин айтты.
Буга чейин Кара-Көл шаарынын мэриясы дагы дарыгер болом деген жаштардын окуган акчасын төлөп берерин билдирген. Учурда Кыргызстанда 6 338 дарыгер жана 7 880 медайым жетишпейт.
Пресс-борбор
Мамлекеттик ооруканаларда 5 жыл иштеп берүү милдети. Министрликтин түшүндүрмөсү