Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон Россиянын тоңдурулган активдерин конфискациялоого болбостугун моюнга алды

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россиянын Батыштын банктарында жана финансы институттарында кармалып турган активдерин эл аралык укукту бузбай туруп конфискациялоо мүмкүн эмес. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон CBS News телеканалга берген маегинде айткан.
"Бул активдерди Борбордук банктан, ал тургай, ушундай кырдаалда да конфискация кылууга мүмкүн эмес. Мында биздин мамлекеттердин эл аралык укукту сыйлашы үчүн ишеним маселеси да турат деп эсептейм", — деген ал.
Макрон эл аралык укуктарды бузуу "толук башаламандыктын башталышы" болуп кетиши мүмкүндүгүн айткан.
"Биз күтүлбөгөн кадам жасабайбыз, тоңдурулган активдерди алып мүмкүн эмес нерселерди кыла албайбыз", — деп президент сөзүн жыйынтыктаган.
Шаршемби күнү бельгиялык Euroclear депозитарийи (баалуу кагаздарды сактап, аларга байланыштуу операцияларды жүргүзүп турган банктык мекеме — ред.) РИА Новости агенттигине Евробиримдиктен аталган активдерди колдонуу боюнча азырынча так сунуш түшө электигин, бирок мындай пландардан кабары барын билдирген.

Тоңдурулган активдер

Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин ЕБ жана G7 өлкөлөрү РФтин валюта резервиндеги 300 миллиард еврону тоңдурган. Анын 200 миллиард евродон ашыгы бельгиялык Euroclear компаниясынын эсептеринде турат.
Россия ЕБдин аракетин "уурулук" деп атап, Брюсселдин максаты жеке адамдардын эмес, мамлекеттин активдерине кол салуу экенин билдирген.
Москва буга жооп иретинде "дос эмес өлкөлөрдүн" инвесторлорунун активдерин жана кирешелерин "С" тибиндеги атайын эсептерге топтогон. Алар өкмөттүн атайын комиссиясынын чечими менен гана чыгышы мүмкүн.
"Соттошобуз". Венгрия РФтин тоңдурулган акчасынан Украинага берүүгө макул эмес