БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек менен Москва шаарларды башкарууну санариптештирүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Документте тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу каралган.
Макулдашуу Бишкек шаарын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев катышкан "Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги" форумунун алкагында кол коюлду.
Ошондой эле консультация, семинар, конференцияларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана эки борбордун тиешелүү уюмдары менен бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо макулдашылды.
Тараптар бул өнөктөштүк акылдуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана туруктуу санариптик прогресске өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.