Жаан-чачындуу болот! Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 23-24-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу синоптиктер кабарлады.
Маалыматка караганда, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине таасир этип, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Күндүн көзү бузулат. Бир жумага карата аба ырайы