Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крымдын Форосуна чабуул жасалып, үч киши көз жумду. Иликтөө башталды

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Крымдын түштүк жээгиндеги Форос кыштагына украиналык дрон менен жасалган чабуулдан үч адам каза таап, 16сы жарадар болду. Бул туурасында аталган республиканын башчысы Сергей Аксенов билдиргенин РИА Новости жазды.
Аткылоого "Форос" санаторийи менен мектептин имараты алынган.
Агенттик учурда РФтин Тергөө комитети бул чабуулга тиешеси бар украин аскер адамдарын аныктоо боюнча иштеп жатканын кабарлады.
"Россиянын аймагындагы жарандык объектилерге кылмыштуу чабуул койгонго буйрук берген жана аны аткарган украиналык согушкерлердин кимдер экени аныкталып жатат", — деп жазылган маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ТИМ: Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан Курскиде 200 миң адам жабыркады