БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшүндө коло байге жеңгенин Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жанышов 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде түркиялык Хасан Кылынчты 6:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгуу үчүн болгон кармашта азербайжандык Ислам Аббасовду 4:3 эсебинде уткан.
"Чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипианига 1:4 эсебинде утулуп калып, бирок көңүл жубатуучу кармашка чыккан. Анда Асан Жанышов немец балбаны Ханнес Вагнерди жеңди. Ал эми коло байге үчүн болгон кармашта 2023-жылкы дүйнө чемпиону, учурдагы Европа чемпиону венгриялык балбан Давид Лощонцини 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду", — деп айтылат маалыматта.
Асан Жанышов — дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткан бешинчи балбан.