Трамп Афганстандан АКШнын "Баграм" базасын талап кылып, ага Кабул жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дональд Трамп Афганстандан АКШнын "Баграм" аскер базасын токтоосуз алардын көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү талап кылганын РИА Новости жазды.
"Учурда Афганстан менен сүйлөшүп жатабыз, аны (аскерди базаны — ред.) кайтарып алууну көздөйбүз. Болушунча эртерээк, токтоосуз кайра алсак дейбиз", — деген президент Вирджиния штатында сүйлөп жатканда.
Мурдараак Ак үйдүн кожоюну Truth Social социалдык тармагына эгерде анын талабы аткарылбай калса, "жаман болуп каласыңар" деген тейде Кабулду опузалаган текстин жазган.
Бул аптада WSJ басылмасы АКШ талибандар менен "Баграм" аба базасын америкалыктардын контртеррордук операцияларда плацдарм катары колдонуу боюнча "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган эле.
Трамп бул аскердик аэродромдун Кытай болжолдуу түрдө өзөктүк курал чыгарат делген жердин жанында жайгашканы стратегиялык мааниге ээ деп кыйыткан.
АКШ президентинин айткандары Кабулга жакпагандыктан бир топ кызыл чеке болушкан.
"Талибан" Трамптын талабын четке кагып, алардын расмий өкүлү АКШны, образдуу айтканда, алды-артын карап саясат жүргүзүүгө чакырып, Вашингтон алардын мамлекетине күч колдонбоого милдеттенме алгандыгын эстетти.
ТИМ башчысынын кеңешчиси Закир Жалалинин айтымында, америкалык аскерлердин афган аймагында жүрүшү азыр мүмкүн эмес. Ал эми ИИМинин маалымат катчысы Абдул Матин Кани Баграм аймагынын кайрадан чет элдик баскынчылардын колунда калышы дегеле мүмкүн эместигин айтты.
Афганстандын Чалгын боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тажмир Жавад эгер зарылдык жаралса топ ("Хаккани түйүнү"— ред.) "өзүнүн башкаруусун кармап калыш үчүн" жан кечтилерди колдонуу ыкмасын жандантышы мүмкүн.
Талибдер 2021-жылы жайында Афганстандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуулду арбытып, 15-августта Кабулга кирген да, эртеси согуш бүткөндүгүн жар салган. Ал кезде өлкөнүн башында турган Ашраф Гани мындай окуядан кийин чыгып кеткен. Ал эми 31-августта аталган аймакта 20 жылга чукул убакыттан бери жайгашып келген америкалык аскердик күчтөр Кабул аба майданы аркылуу учуп кетүүгө аргасыз болгон.
Шойгу алаканы арттырууга көпүрө болчу Афганстан — ШКУ тобун түзүүнү сунуштады