Кыргызстан тоолуу өлкө, калк ташуучу негизги транспорт катары аймактар аралык темир жолдорун куруу керек, деген пикирлер жок эмес. Бирок биз тарыхтан бери карай алып карай турган болсок жүргүнчү ташуу үчүн темир жол колдонуу экономикалык жактан киреше алып келбеген багыт болуп эсептелет. Жүк ташууда озүнүн арзандыгы жана ишенимдүүлүгү менен адам жашоосуна кирген темир жол тармагынын негизи эле Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөлөрдө орду барбы? Биздин мамлекеттин географиялык абалынан улам эл аралык соода байланышына айланчу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун келечеги кандай? Демилгечи мамлекеттен башкасы кандай пайда көрүп, эмне тобокелчиликтерге барышы мүмкүн? Бүгүнкү уктурууда сөз болот.