Мааниси терен ырлар, коңур үнү менен коомчулукка таанылып, эл көңүлүнөн түнөк таап жаткан Максат Иманалиев бүгүнкү күндө таланттуу ырчы гана эмес, келечек муунга билим берип жаткан окутуучу дагы. Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде мугалим катары кызмат кылып, чыгармачылык тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп келет. Бүгүнкү “Стимул” программасында биз Максат Иманалиевдин чыгармачылык жолу, билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле искусство менен педагогиканын чектешкен чекиттери тууралуу маектештик.