Бишкекте жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы сынактары өтүүдөМакрон Россиянын тоңдурулган активдерин конфискациялоого болбостугун моюнга алдыАнжиянда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын орчундуу багыттары талкууландыАлдыда кененирээкКыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана өрөөнүнө жасаган жумушчу сапарынын алкагында Анжиян облусунун хокиминин орун басары Илхом Собиров менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды. Элчиликтин маалыматына ылайык, тараптар чек арага жакын аймактардагы соода, туризм жана билим берүү тармагындагы байланышты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен пландар белгиленди. Мындан сырткары, элчи Чотонов Анжиян облусундагы Кыргыз улуттук маданий борборунун активисттери менен да баарлашты.
22-24-сентябрда Бишкек шаарында "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактары өткөрүлөт. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, сынактын максаты – педагогикалык чөйрөдө алдынкы идеяларды жайылтуу, заманбап окутуу технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды көрсөтө алган таланттуу жана чыгармачыл педагогдорду колдоо. Конкурстун республикалык этабынын ачылышы бүгүн Бишкек шаарындагы №67 мектепте өттү. Ага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, сөз сүйлөдү. "Мен бул иш-чарага абдан толкундануу менен катышып жатам, анткени 1996-жылы өзүм да "Жылдын мыкты мугалими" болгом. Мугалимдин түйшүгүн жакшы билем”, – деди министр. Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр бардык катышуучуларга ийгилик каалады.
Ысык-Көлдө масштабдуу ишембилик өтүп, ыктыярчылар менен муниципалдык кызматкерлер 100 каптан ашык таштанды чогултушту. Бул тууралуу "Евразия" бейөкмөт уюму билдирди. Иш-чараны "Евразия Кей Джи" коомдук фонду, эколог Андрей Панаев, Чолпон-Ата мэриясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана 50 ыктыярчыдан турган команда биргеликте өткөрүштү. Алар Чолпон-Атадагы үч чакырымдан ашык жээк тилкесин жана шаардык паркты тазалашты. Акция Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган."Евразия Кей Джи" фонду акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. "Алар келечек муундун саламаттыгына кам көрүүгө жана Кыргызстанда экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө салым кошушту. Бул демилге Ысык-Көлдү сактоо максатында биригип иш кылса болорун көрсөттү", — дешти фонддон.
Россиянын Батыштын банктарында жана финансы институттарында кармалып турган активдерин эл аралык укукту бузбай туруп конфискациялоо мүмкүн эмес. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон CBS News телеканалга берген маегинде айткан. "Бул активдерди Борбордук банктан, ал тургай, ушундай кырдаалда да конфискация кылууга мүмкүн эмес. Мында биздин мамлекеттердин эл аралык укукту сыйлашы үчүн ишеним маселеси да турат деп эсептейм", — деген ал. Макрон эл аралык укуктарды бузуу "толук башаламандыктын башталышы" болуп кетиши мүмкүндүгүн айткан. "Биз күтүлбөгөн кадам жасабайбыз, тоңдурулган активдерди алып мүмкүн эмес нерселерди кыла албайбыз", — деп президент сөзүн жыйынтыктаган.