2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III парламенттер аралык форуму өтөт. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө. Форумдун негизги максаты – Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү. III парламенттер аралык форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу». Белгилей кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстан Республикасында, ал эми 2024-жылы Өзбекстанга өткөн.
«Учкун» ААК бүгүн өз күчү менен мамлекеттик номерлерди чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тартып «Учкун» жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү да чыгара баштайт. Жаңы документтер күчөтүлгөн коргоо деңгээли менен заманбап технологиялар аркылуу даярдалат. "Бул жаңылыктар өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биз мамлекеттик номер белгилерин да, айдоочулук жана техникалык документтерди да эми өзүбүздө, жогорку сапатта камсыз кыла алабыз", - дейт Туманбаев.
Чүй облусунда продукциясынын жарымы ЕАЭБге экспорттоло турган тигүү ишканасы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматта суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн жерине барып, мекеменин иши менен таанышып келгени айтылат. Тигүү ишканасында 300 иш оруну түзүлгөн. Айына 100 миң даанага чейин кийим чыгара алат.
"Бишкекжашыл курулуш" муниципалдык ишканасы заманбап атайын техникалар менен камсыз болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Атайын техникалар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкекте ирригациялык тармактарды реконструкциялоону, тейлөөнү жана башкарууну жакшыртуу, борбордогу дарыялардын нугун жана каналдарын тазалоо үчүн берилди. Техникалар шаардык экосистеманы чыңдоого, ирригациялык тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Бишкекте абанын сапатын жакшыртууга багытталган. Тапшыруу аземине жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.