БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Улуу Британияны согушту көздөгөн лагердин лидери деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президент Трамп Улуу Британияда болду. Улуу Британия — бул согушка ыктагандардын лагеринин лидери", — деди Песков "Россия 1" журналисти Павел Зарубин менен маектешип жатып.
Ал дал ушул Лондондо Россияга кысым көрсөтүү пландары тууралуу Трампка көп айтылганын боолголоду.
"Британияда президент Трампка Россияга мындан ары да басым көрсөтө берүү, чектөөлөрдү күчөтүү, болгон жагынан кыса берүү пландары тууралуу айтылса керек", — деди Песков.
Ал Путин да Трамп сыяктуу эле украин маселесин жөнгө салууга кызыкдар экенин белгилеген. Песковдун айтымында, Россия Украинада тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүн караштырып, аракет көрүп жатат.
"Биз АКШ да, президент Трамп өзү да ушул багытта чара көрөт деп ишенебиз. Натыйжасын да көрөбүз", — деди Кремлдин өкүлү.