БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы Навои атындагы паркта 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду. Маалыматты облустук милиция тастыктады.
Кырсык бүгүн, 21-сентябрда, болгон. Кыз эсине келбей каза тапкан. Ал Кара-Суу районунун Кашкар кыштак айылынын Т.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды.
Милиция кыз кайык аттракционунан кулаганын, ушу тапта текшерүү башталганын айтты.