Cyproideidae түрүнө кирген эки амфипода, булардын денесинин узундугу болгону 3 миллиметр. Сүрөттө жаныбарлар маржан ташында эс алууда. Адатта буларды "деңиз айланкөчөктөрү" деп атап коюшат. Симметриясы жана өң-түсү менен өзгөчөлөнүп турушат.
Бул Юрий Ивановго таандык эмгек. Индонезияда тартылып, "Абсолюттук чемпион" наамына татыктуу болду.
"Океандагы окуя" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Бен Туар табылды.
Катуу шамалда калган кайыктагы адамдар Назарда (Португалия) тартылган.
Фотограф Мэтью Салливан "Портфолио" номинациясынын жеңүүчүсү болду. Суу түбүндө жаткан балык-жарганат. Бул жандыкты "чырк" эттирип алуу өтө кыйын, Салливандын буга бир нече жылы кеткен. Сүрөт Флоридада (АКШ) тартылган.
"Адам менен байланыш" номинациясын Крейг Пэрри жеңип алды.
Сүрөттө Австралияда жээкке сүрүлгөн бүкүр кит чагылдырылган. Аны аман алып калуу үчүн адамдар 15 саат бою тынбай аракет кылышкан.
"Сактоо" номинациясында фотограф Хьюго Бреттин эмгеги мыкты деп табылды. Анда лоцман-киттин өлүү баласы жаткан учур тартылган. Бул Даниядагы Фарер аралдары.
Ромен Барац "Көркөм сүрөт искусствосу" номинациясынын финалына чыкты. Айсберг алдында турган пингвиндин сүрөтү Антарктикада тартылган.
Осьминогдун жалбыракта сүзүп ойноп жүргөн баласы. Цзялин Цай Анилао (Филиппиндер) аймагынан тарткан бул сүрөт сынак финалчыларынын катарын толуктады.
"Океандагы окуя" номинациясында жылдын фотографы деп Ромен Барац аталды. Кашалоттордун үйүрү тегеректеп алган дайвердин сүрөтү Доминикананын сууларында тартылган.
"Табият сакчысы" номинациясы боюнча Сирачай Арунругстичаи жеңүүчү болду.
Сүрөттө аквариумист Инд-Тынч океан акуласынын эмбрионун кармап турат. Аны Пхукеттин аквариумунда өстүрүү боюнча экспериментке пайдалануу үчүн жумурткадан алып чыгышкан. Сүрөт Таиландда тартылды.
2023-жылдан бери аквариумда өстүрүү программасынын алкагында жоголуп бара жаткан акуланын бул түрүнөн 40 эмбрион алынган.
"Жапайы жаратылыш" номинациясы боюнча Андрей Шпатак конкурстун финалчысы болду.
Буурчак-крабдын кургакта жүргөн өтө сейрек кездешчү учуру. Бул жандык адатта боз мидиялардын ичинде болот, сыртка мидия өлгөндө гана чыгат.
Жээкте тамактанып жаткан дельфиндердин балыгын көтөрө качкан бирказан. Фотограф Кэт Чжоу да "Жапайы жаратылыш" номинациясынын финалына чыккан. Сүрөт АКШда тартылган.
"Жаш фотограф" номинациясын Аарон Сандерс жеңип алды.
Ал эки тырмактай болгон кальмардын кошулуп жаткан учурун тартып алган. Сүрөт Улуу Британияда түндө, жандыктардын денесинен хроматофор деп аталган түстүү толкундар өтүп жатканда тартылган.
"Жапайы жаратылыш" номинациясынын жеңүүчүсү Такуми Ояма болду.
Сүрөткө ургаачысы оозунан жаңы эле жаралган личинканы чыгарып жаткан маал түшүп калган. Сүрөт Японияда тартылганы айтылды.
"Пейзаж" номинациясынын финалчысы Цзяньпин Ли Норвегиядагы балыкчылардын кыштагы делген Рейнди "кучагына алган" карлуу тоолорду тарткан.
"Көркөм сүрөт искусствосу" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Марсия Ридерер табылды. Ал эргежээл чаар китти Австралиянын жээгинен тартып алган.