Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение” сынагында кандай ырдады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагында өнөрлөрүн тартуулашты.
Ата мекендик ырчылар экинчи болуп чыгып, "Жалгыз сага" чыгармасын аткарышты.
Байгесине 30 миллион рубль коюлган конкурс 23 мамлекеттин башын бириктирди. Иш-чара Москвадагы Live Аренада өтүп, саамалыкты 25 өлкөнүн 190 журналисти чагылдырып жатат.
Эл аралык калыстар тобуна бир нече өлкөнүн дасыккан маданият жана искусство өкүлдөрү кирген. Кыргызстандын атынан КРдин эмгек сиңирген артисти, Даңк орденинин ээси Ырыскелди Осмонкулов катышууда. Россиянын атынан РФ эл артисти, композитор жана продюсер Игорь Матвиенко калыстык кылат. Беларустан өлкөнүн Улуттук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы продюсери Ольга Шлягер дайындалган. Ал эми АКШдан калыстар тобуна Deep Purple жана Rainbow тобунун мурунку ырчысы Жо Линн Тернер кирген.
Бүгүн Москвада кыргызстандык ырчылар катышкан "Интервидение — 2025" сынагы өтөт